Абдижуман Таев, жашы 23. Ноокаттан болот. Арбын айылында туулган. Жогорку билимдүү,  ОшМУнун МИТ факультетинин колдонмо информатика адистигин аяктаган. 2019 –жылдан бери жеке ишкердик менен алектенет. Биз бүгүн жаш ишкер анын өткөн күндөрү, келечеги туурасында сухбатташтык.

-Абдижуман, сиз кантип жаш туруп эле, бизнес багытына баш багып калдыныз. Кеп төркүнун ушундай баштабайлыбы?

     ЖЕКЕ ЖАШООМО НАЗАР САЛСАМ, КӨП НЕРСЕДЕН КУРУ КАЛЫПМЫН…

— Негизинен ар бир адам жашоодо өзүнүн жолун табыш керек деп ойлойм. Мен дароо эле бизнес жаатына кирип калган эмесмин. 2015-жылы эл катары эле университетте билим ала баштадым. Окуудан сырткары жаштар саясатына да кызыгып, аралашып жүрдүм. Мен үчүн ал багыт аябай кызык болчу. Бир жыл өтүп, студенттер тарабынан өзүбүздүн факультетке Жаштар комитетинин төрагасы болуп шайландым. Ал убактагы сезимдер башкача болчу. Иштеп баштадым, коомдук башталгычта. Айлык алуу кайда дейсиз. Факультет үчүн көп убактымды сартптап, илимий коомдук жана маданий иш чараларды жогорку деңгээлде өткөрүп жүрдүм. «Эл оозунда элек жок» дегендей, ошол аракеттерибиз кээде айрымдарга көрүнбөй, кээ студенттерден, мугалимдерден кадимкидей терс сын-пикирлер айтылып жатты…  Жеке жашоомо назар салсам, мындай иштер менен алпурушуп жүрүп, көп нерседен куруу калгыдаймын. Баарын токтотуп, жашоомду жакшыртуу, келечек пайдубалын мыктылоо үчүн керектүү нерселерге убакыт коротуу  чечимине келдим.

Көп издене баштадым. “Издеген жолду табат” дегендей, бир күнү кокусунан Германияга барып  иштеп келүү мүмкүнчүлүгүнө туш келдим. Кокустук жашообузду өзгөртөөрүнө ошондо ишендим. Албетте, мындай кокустук да бизге жараткандан  тарабынан жөнөтүлгөн  “шанс” деп билем. Эртеси дароо немец тилин үйрөтүүчү курска  жазылып окуй баштадым. Экзаменден орто баа менен өтүп, ошол жылы жайкы  каникулда Германияга барып иштедим.

ГЕРМАНИЯДА БУТ КИЙМИНДИ БИР  ЖУМАДА БИР ТАЗАЛАЙСЫҢ

Бөтөн эл, мусапыр журтта иштөө оңойго турбагандыр?

— Ананчы, кыйналдым, пландар ойдогудай болбоду. Иштеген акчам чыгашаларды гана жапты. Ал жактан келип, жашоого болгон көз караштарым аябай өзгөрдү. Башкача китептерди окуп көрөйүн деп «Бай атам, кедей атам» деген китепти барактадым. Бизнеске кызыгуум ошол китеп аркылуу башталган. Канткенде да бир нерсе баштайын десең акча керек болот эмеспи. Студентмин, айылдан жумасына 1100-1200 сом алып келип жашап, окуп жүргөн кезим.

Анан кийинки жылы дагы аракет кылып, тилди жакшы үйрөнүп Германияга дагы бардым. Ал жакта айлык бизге салыштырмалуу 3-4 эсе жогору төлөнөт. Ал жерде негизи 8 саат иш болот. Бирок,  мен алыстан келдим деп менеджерден суранып 2-3 сааттан ашыкча иштеп жүрүп  2 жарым айда  4100 еврого иштепмин.

Бул жолку сапарда баары кыялымдагыдай болду. Германиянын көп шаарларын көрдүм,  Аябай жакты. Элдери өтө кичи пейил, жардам сурасаң, жардамын аяшпайт. Коомдук транспорт мыкты деңгээлде. Ар бир кыймыл так эсептелген. Кайсы автобус же электричкалар, канча минутада, кайсы жерге бараары так дана көрсөтүлгөн жана 1 минута дагы кечикпей келет. Абасы таза, жолдорунда чаң деген нерсе жок. Бут кийимди болсо бир жумада бир гана жолу тазалайсың (күлүп).

— Демек, эки-уч жолку сапарынызда сиз немецтердин тазалыгы жана тактыгы сыяктуу сапаттарына суктануу менен бирге, өздөштүргөнгө да аракет кылсаныз керек?

— Албетте, жакшы жактарын алууга аракет кылдык. Андан ары Франциянын борбору Парижге  баруу да бешенеме жазылган экен. Курста окуп жүргөндө, Эйфел мунарасынын чокусуна чыгып ата-энеме, досторума жана жакын адамдарыма видеозвонок кылам деп кыялданган болчумун, ошолор бары орундалды. Кудайга миң мертебе шүгүр.

— Париж бир аз тазалыктан “тайган” деп угабыз?

— Ошондой десек да болгудай. Парижде туристтер өтө көп болгондуктан көчөнүн бойлору, метролор жана аялдамалар таштандыга толуп кетиптир. Сүрөттөрдөн эле сонун көрүнөт экен.

«TAEV COSTUMES»  ДҮКӨНҮНДӨ МЫРЗАЛАР ҮЧҮН БААРЫ БАР

— Мен сизге суктанып турам. Айрыкча биз сыяктуу жаштар тамшанган Европаны көрүп келдиниз. Ал жакта жүргөндө кыргызстан жөнундо кандай ойлорго кабылдыныз?

— Канчалык кооз жерлерде жүрсөң дагы Кыргызстаныбызга эч бири жетпейт тура. Башка мамлекетке чыкпаган жаран өзүбүздүн өлкөнүн кадырына билбейт. Бизде башка өлкөдөгүдөй технологиялар өнүгө элек болсо дагы, адамдык сапат, каада-салт, улууларга урмат кичүүлөр ызаат деген улуу, нарк-насилдерибиз  бар. Дүйнөнү суктандырган кооз, көркөм жаратышылыбыз бар, дегеле айта берсең түгөнбөйт.

-Анан, Мекениңизге, Кыргызстанга кайттыныз?

Ооба, келгенден кийин  бизнес баштайм дедим. Үйдөгүлөр банкрот болуп калышың мүмкүн, окууңду окуп жүрө бер деп каршы болушту. Эптеп көндүрүп, ижарага имарат таап ишимди баштадым. Бизнесим мырзалардын костюмдарын ижарага берүү эле «TAEV COSTUMES» деген наамда. «Башка түшсө байтал жорго» демекчи ижарага алган имаратымдын ремонт иштерин өзүм кылдым, кээде жакын досторум келип жардамдашышты.

Дүкөндү ачкан күндөн баштап соода аз болсо да тынымсыз болуп турду, кубанычымда чек жок.

Бул иште мен үчүн анчалык кыйынчылык деле болбоду. Себеби кийим үтүктөп, кир жууганды мектепте жүргөндө эле үйрөнүп алган болчумун. Чыккан акчага кайра товар алып костюмдарды күндөн-күнгө көбөйтүп олтуруп,  бизнесимди чоңойто баштадым. Келген кардарлар костюм эле эмес, ак көйнөк, туфли, кемер жана сааттардан бери сурап башташтаганынан аларды да сатып алып келип коштум.

Азыр «TAEV COSTUMES» те ижарага эркектердин бардык классикалык кийимдерин таба аласыздар. Окуума бара албай калган учурлар көбөйүп баратканынан бир сатуучу алдым.

Ош шаарында иш баштаганыбызга толук бир жыл болгондо Жалал-Абадка  дүкөн ачтык. Оңунан берип ишибиз жүрүшө баштады. Ушул эле жылдын аягында Оштогу костюмдарды көбөйтөлү десек батпай калып, дагы бир дүкөн ачтык.

ХОББИНЕРДИ БИЗНЕСКЕ АЙЛАНТКЫЛА

-Өзүңүз курамдуу жеке ишкерлик менен шугулданам деген жаштарга кандай кеп-кенештеринизди берет элениз?

— Эн башкысы билим алып, өзүн такай өнүктүрүп турган гана адам ийгиликке жетет. Демек, көп китеп окуу керек. Максат жолунда аракетчил, тайманбас жана өжөр болуу эн жакын жардам берет. Эмне болсо да, эч нерседен коркпой баштап көрүү керек. Ошонун жыйынтыгы  кийинки кадамдарды   таштаганга жардам берет. Сезону жок, өзүнө эле эмес башка адамдарга, мамлекетке да күнү-түнү, жайын-кышын пайда алып келе тургандай иш баштоо керек. Кызыккан нерсеңерден, мисалы, хоббиңди  бизнеске айлантсаң  жасаган ишиңден эч качан жадабайсың. Чөйрөнү жакшы жакка өзгөртүү керек. Белгилүү мотиватор Брайан Трейси айткандай: «Бүркүттөр менен учкуңар келсе, индюктар менен жүргөндү токтотуу зарыл».

— Кеп соңунда, ошол эле замандаштарынызга  өзүн өнүктүрүү жаатында жазылган кандай китептерди окууну сунуштайт элениз?

 — «Бай атам, кедей атам» автору Роберт Кийосаки. Саидмурад Давлатовдун «Мен жана акча»  деген китеби да аябай аң-сезимди ачат.  Марк Фишердин  «Миллионердин сыры» , Эрнес Султановдун  «Бай-бол», Нурай Сезардын  «Өмүрлүк түгөйүм» сыяктуу китеби адамды өнүктүрүү жатында жакшы жол көрсөтмо болот.

— Келечек максаттар туурасында кеп кылбасак болбойтко…

— Түшүндүм.  Келечекте үй-бүлөмдү эч нерседен кем кылбай, эч нерсеге муктаж кылбай кароо. Колунда жок муктаж адамдарга жардам берүү, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошуу сыяктуу жакшы ниеттерибиз бар.

Албетте, жогорудагы айткан  ийгиликтерге жалгыз жете алмак эмесмин. Бул иштердин баарысы жараткандын буйругу, ата-энемдин дубасы жана жакындарымдын жардамы менен болууда.  Учурдан пайдаланып, мага жардам колун сунган бардык  инсандарга терең ыраазычылык билдирем.

-Кызыктуу маегиниз үчүн сизге ырахмат, ишиңизге ийгилик!

  Маектешкен Бермет ТААЛАЙБЕК кызы